Ысык-Көл аэропорту Россиянын 7 шаарынан каттамдарды тейлөөдө

Ысык-Көл аэропорту Россиянын 7 шаарынан каттамдарды тейлөөдө. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алар Москва, Санкт-Петербург, Минеральные Воды, Ростов-на-Дону, Уфа, Екатеринбург жана Новосибирск шаарлары.

 

Учактар жумасына бир жолу каттайт. Белгилеп кетсек, аталган каттамдар туристтик сезондо гана аткарылат.