Ордо калаада 3 көчөнү оңдоо иштери башталды.
Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Абдымомунов көчөсү — Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, Жукеев-Пудовкин көчөсү — Кулатовдон Ахунбаев көчөсүнө чейин жана
Матросов көчөсүнүн Ахунбаев — Медеров тилкеси калыбына келтирилет.
Белгилеп кетсек, кытайлык гранттын эсебинен быйыл ордо калаада 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат.