Кыргызстанда ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыгын мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй облусунда мындай эки учур, Таласта бир факт катталды.
Шектелгендердин аты-жөнү дагы такталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Талас облусунда жеке лабораториянын эки кызматкери маалымдама кагаздарын 2 миң сомдон сатып жүрүшкөн. Сотко чейинки өндүрүш “Документтерди жасалмалоо” беренеси боюнча жүрүп жатат.