Ысык-Көл облусундагы туристтик милиция жаңы формага ээ болду

Ысык-Көл облусундагы туристтик милиция жаңы формага ээ болду. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кийимди иштеп чыгууда анын сырткы көрүнүшүнө маани берилди.

 

Андан тышкары, дизайны, ыңгайлуулугу дагы эске алынды. Эске салсак, Ысык-Көлдө туристтик милиция ушул жылдын май айында түзүлдү. Учурда түзүмдө 20 кызматкер эмгектенип жатат.