Ысык-Көл облусунун чабандарына малга жарык чагылдыруучу ленталарды кийгизүү сунушталды

Ысык-Көл облусунун чабандарына малга жарык чагылдыруучу ленталарды кийгизүү сунушталды. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул аварияларды жана башка кырсыктарды алдын алууга шарт түзөт.

 

Милициядан белгилешкендей, малды күдүзгү убакта гана айдоо керек. Аларды жолго жакын жерге жаюуга тыю салынат.

 

Эске салсак, эреже боюнча малдын катышуусу менен жол кырсыгы катталса, жоопкерчилик чабандарга жүктөлөт.