Бишкектин №20 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусу колдонууга берилди

Бишкектин №20 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусу колдонууга берилди. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 3 кабаттуу имарат 500 орунга чакталган.

 

Корпуста окуу үчүн бардык шарттар каралган, окуу класстарынан тышкары спорт зал, футбол талаасы жана воркаут аянтча бар.

 

Акылбек жапаровдун айтымында, корпустун курулушуна 300 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.