Россияда 2022-жылы кумшекердин баасы дагы кымбатташы ыктымал

Россияда 2022-жылы кумшекердин баасы дагы кымбатташы ыктымал.

Буга кант кызылчасын себүү иштери кечигип жатканы себеп, деп билдирди «Коммерсантъ» басылмасы.

Андан тышкары, Россиянын түштүгүндөгү салкын жана жаан-чачындуу аба ырайы түшүм алуу мөөнөтүн бир айга узартат.

Мындан улам сырье тартыш болот. Түшүм кеч алынгандан кийин анын так көлөмүн билгиче тиешелүү органдар

белгилүү бир бааны коюп берүү процесси дагы кечигет. Мөөнөттүн узарышы баалардын көтөрүлүшүнө алып келет.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан өзүн кант менен 56 пайызга камсыздайт. Калган муктаждыкты чет өлкөлөрдөн импорттоого аргасыз.