Ысык-Көл районунун Темир айылында кичи футбол аянтча курулду.
Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы билдирет. Маалыматка караганда,
курулуш иштерге дем берүүчү гранттын эсебинен 2 жарым миллион сомдон
ашык каражат бөлүнүп берилген. Учурда футбол
аянтча пайдаланууга берилип, турнирлер өтүүдө.