Атайын кызмат жалган маалымат тараткандарды издеп жатат

Атайын кызмат жалган маалымат тараткандарды издеп жатат. Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришкендей, коронавирус боюнча чындыкка дал келбей турган маалыматтарды жайылткан Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, ишине юридикалык баа берилүүдө. УКМК буга чейин дагы жалган маалымат тараткан бир нече адамды аныктаган.

 

Учурда ар кандай такталбаган кабарларды тараткандарды издөө, аныктоо иштери жүрүп жатат. Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.