Ысык-Көлдө алдыңкы 3 күн бою өтө ысык аба-ырайы күтүлөт

Ысык-Көлдө алдыңкы 3 күн бою өтө ысык аба-ырайы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эс алуучуларга бир катар сунуштарды берет.

Күнгө күйүүнү каалагандар процедураны коргоочу кремдерди колдонуу менен

эртең мененки саат 11ге чейин же кечки 5тен кийин жасашы керек. Күнгө күйүү

өзгөчө сууга түшүү маалында же суунун жанында күнгө чагылышуу учурунда кооптуу.

Ушул себептен денеде майда күйүктөр болбошу үчүн сууну калтырбай кургактап сүрүү керек.

Ысыкта оор тамактан баш тартуу зарыл. 3,5 литрге чейин суу ичүү маанилүү.

Буга алкоголдук суусундуктар кирбейт.