Октябрда көп күнгө созулган магниттик бороон болот.
Россиялык Күндүн рентген астрономиясы боюнча лабораториянын божомолуна ылайык,
магниттик бороон 21-октябрда башталып, 25-октябрда күч алат. 29-октябрда
Жердин планетасферасы калыбына келет. Магниттик бороон электр тутумдарынын
ишин үзгүлтүккө учуратып же келгин куштар менен
жаныбарлардын орун которушуна таасирин тийгизет.