1 миңге жакын бөбөк мамлекеттик программанын алкагында жеке бала бакчаларга бара алат. novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, долбоор Бишкекте өтүп кеткен жылдан бери иштеп жатат.
Бала бакча кызматынын акысынын жарымын үй-бүлө өзү төлөсө, жарымын мамлекет каржылап берет. Мындай шарт менен мектепке чейинки билим берүү мекемесине 14 бала барып баштады. 20 арыз учурда каралып жатат.
Долбоорго аз камсыздалган үй-бүлөлөр жана социалдык, маданият тармагынын кызматкерлери катыша алат. Күтүлгөндөй, быйыл программа Ошто дагы киргизилет.