Өлкө мектептеринде окуу жылы 8-июнда аяктайт

Өлкө мектептеринде окуу жылы 8-июнда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эске салсак, 2021-22-окуу жылы 15-сентябрда башталган.

 

Анда министрликтин адистери окуу жылынын тартиби боюнча түшүндүрмө берип, 8-июнда окуу жылы бүтөрү менен мамлекеттик экзамендер башталарын белгилешкен.

 

Экзамендер 1-июлда аяктап, күбөлүктөр 11-июлда тапшырылса, аттестат 15-июлда берилет. Ал эми кийинки окуу жылы качан башталары азырынча белгисиз.