Россиянын Свердлов облусу Ош жана Ош облусунун мектептерине окуу куралдарын тапшырды

Россиянын Свердлов облусу Ош жана Ош облусунун мектептерине окуу куралдарын тапшырды. Физика жана химия сабактары боюнча 10 миңден ашык китеп берилди.

 

Алардын жалпы баасы 4,5 миллион рублду түзөт. Окуу куралдарын Россиянын куралдуу күчтөрүнүн учагы жеткирип келди.