Ысык-Көлдүн суусу бардык нормаларга туура келет

Ысык-Көлдүн суусу бардык нормаларга туура келет. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери сезондон кийин көл суусун анализге алышты. Экологдор суунун табын, андагы азоттун деңгээлин жана башка компоненттердип текшеришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, суунун курамы жана сапаты өзгөргөн жок. Кошумчаласам, Ысык-Көл суусу жылына 3 ирет текшерилет – сезондун башында, жайында сезон учурунда жана андан кийин.