Швециялык активист өспүрүм Грета Тунберг “Time” басылмасынын версиясы боюнча “Жыл адамы” деп табылды. Грета Тунберг 16 жашта гана болгонуна карабай, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп келет.
Ал БУУнун Нью-Йорктогу саммитинде дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү тууралуу сөз сүйлөгөн. “Time” басылмасынын “Жыл адамы” наамына Дональд Трамп, Марк Цукерберг, Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн, Кытай лидери Си Цзиньпиндин талапкерлиги көрсөтүлгөн.