Мэр балатысы Бишкекте 27-декабрда өтөт

Мэр балатысы Бишкекте 27-декабрда өтөт. Биздин радиого мэриядан билдиришкендей,  иш-чара күндүзгү саат 1де филармонияда башталат. Майрамга аз камсыздалган, 7-апрель окуясынын баатырларынын жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын балдары чакырылат.

 

Ошондой эле окуунун отличниктери, эл аралык мелдештерде, сынактарда ийгиликке жеткен окуучулар келет. Алардын жалпы саны 1 миң 100дү түзөт. Балдарга концерт тартууланып, таттуу белектер ыйгарылат.