Кыргызстандыктарды Кытайдан алып келүү каралууда

Кыргызстандыктарды Кытайдан алып келүү каралууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомство Кытайда жүргөн кыргызстандыктардан дайын-дарегин жана телефон номурларын билдирип коюуну өтүнөт.

 

Кытайдагы коронавирус коркунучу жөнгө салмайынча ал жакка барбай туруу сунушталат.  Ошондой эле эл көп жерге барбаганга, жергиликтүү бийликтин жана медицина кызматкерлеринин айткан кеңештерин сактоого чакырабыз, — дешти министрликтен. Кошмчалап кетсек, акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус  170 адамдын өмүрүн алды.