Ысык-Көлдө туристтердин коопсуздугун 5 миңден ашык милиция кызматкери камсыздап жатат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ведомствонун ички курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.
Коомдук жайларда жана трассанын кооптуу тилкелеринде 2 минден ашык видео байкоо камералары орнотулган.
Андан тышкары, алыскы райондордо милициянын 57 көчмө түйүнү иштеп жатат. Ички иштер министрлигинен белгилешкендей, ар бир эс алуучу милиция кызматкерине күнү-түнү кайрыла алат.