Таласта төрт киши күйдүргүгө шек саналып ооруканага түштү

Талас облусунун Кара-Буура районунда төрт адамдан күйдүргүнүн (сибир жарасы) белгилери аныкталды. Бул маалыматты райондук санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы дарыгери Элина Качыбекова «Азаттыкка» тастыктады. Анын айтымында, алар азыр ооруканада, абалы жакшы.

«Көк-Сай айылында ичи көөп кеткен уйду союшкан экен. Анын этин онго жакын үй-бүлө бөлүп алышыптыр. Учурда төрт адамдын колунда жаралар байкалууда, райондук ооруканада жатышат. Алардын анализи таза чыгып жатат. Анткени антибиотик ичип алышыптыр. Эми үч күндөн кийин дагы текшеребиз».

Качыбекованын айтымында, күйдүргү илдети аныкталган төрт киши менен байланышта болгон 53 адам көзөмөлгө алынган. Ветеринардык дарыгерлер таратылган малдын этин чогултуп, өрттөп жок кылышкан.

Былтыр сентябрда Сузак районунун Кызы-Туу айылындагы сегиз кишиге күйдүргү жукканы аныкталган. Алар да чогуу мал союп, этин бөлүп алышкан болчу.

Күйдүргү — кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл.