Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иши эми онлайн режиминде көзөмөлдөнөт

Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иши эми онлайн режиминде көзөмөлдөнөт.

 

Ички иштер министрлигинде милициянын көчмө пункттарынын ишмердүүлүгүнө көз салууга, ошондой эле участкалык кызматкерлердин камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берген мониторинг бөлмөсү ачылды.

 

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бодикамералар эки метр бийиктиктен кулап же сууга түшкөн учурда да иштегенге жарактуу.