Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 451 миңден ашты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.
Жарандар бул порталдан өздөрүн тизмеден тактап алса болот. Шайлоочулар 2015-жылы алтынчы чакырылыштагы парламентти шайлоого караганда быйыл 667 миң 746 кишиге көбөйдү, — деди чиновник.