Жалпы жарандык паспорту жок жарандар Кыргызстанга ID-карта менен өтө алышат

Жалпы жарандык паспорту жок жарандар Кыргызстанга ID-карта менен өтө алышат.

Болгону алар бир катар атайын процедуралардан өтүүгө милдеттүү.

Алгач чек ара кызматкери Мамлекеттик каттоо кызматынын базасынан текшерет.

Эгер жаран мурда андай паспорт албаган болсо, дароо өткөрүлөт.

Система бул документти алганын көрсөтсө, анда абал такталмайынча кармалып турат.

Эске салсак, өкмөт коронавирустан улам 1-марттан тарта Кыргызстанга ID-карта менен

кирүүгө убактылуу тыюу салган.  Буга эпидемиологиялык кырдаал начар болгон

өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, Кыргызстандын чек арасынан

ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар кармалган.