Казакстан ЕАЭБдин эрежелерин бузууда

Казакстан ЕАЭБдин эрежелерин бузууда.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр биримдиктин уставдарын,

өзгөчө товардын эркин жүгүртүү эрежелерин сакташы керек.

Кыргызстандык жүк ташуучу унаалар чек ара бекеттеринде

6 күнгө чейин кармалып жатат. Ошондой эле, декларацияларда

товардын баасы туура эмес көрсөтүлүүдө. Бул маселе Москвадагы

жолугушууда көтөрүлөт, — деди Жээнбеков. Кошумчаласак,

чек ара өткөрүү түйүндөрүндө кошумча документ сурагандыгы үчүн

оор жүк ташуучу унаалар өз убагында өлкөдөн чыга албаган учурлар катталууда.