Өзбекстанда коронавируска каршы эмделген жарандардын арасында унаа ойнотулат

Өзбекстанда коронавируска каршы эмделген жарандардын арасында унаа ойнотулат.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен, сынакка январь,

февраль жана март айларында эмдөө сертификатын алган өлкөнүн жарандары катыша алат.

Бирок кайсы моделдеги унаа ойнотула турганы азырынча тактала элек. Эске салсак,

буга чейин Өзбекстандагы мекемелерде эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер

жумушка киргизилбей турганы айтылган.