Казакстанда кармалгандардын саны 12 миңге жакындады

Алматы шаарында соңку суткада өткөн аптадагы нааразылык акцияларына катышкан 2159 адам кармалды. Бул тууралуу шаардын комендатурасы кабарлады.

Ага чейин 10 миңдей адам кармалганы кабарланган. Натыйжада акцияга катышкандан кийин кармалгандардын жалпы саны 12 миңге чамалады.

Казакстанда өткөн аптада газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон. Эң чоң каршылыктар жана жоготуулар Алматы шаарында болду.

Өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты «мамлекеттик төңкөрүш аракети» деп баалаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды «террорчулар» деп атаган.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган. Ага чейин акцияга чыккандар өздөрүн “террорчу” деп атоого каршылык билдирип, алар “жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге каршы наааразылыкка чыкканын” айтышкан.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. 9-январда бийлик көзөмөлдөгөн Телеграм-каналдар январдын башындагы окуяларда жалпы 164 киши каза тапканын жазышкан. Көп өтпөй аны «техникалык ката» деген негизде төгүндөгөн.

13-январда Amnesty International эл аралык уюму Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга чакырган. Уюм ошондой эле кармалгандардын арасындагы журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөгөн