Бүгүнтөн тарта Кыргызстан жарандары Россия аймагына чек ара аркылуу кире алат.
Бул тууралуу министрлер кабинетинен эскертишти. Белгилеп кетсек, аталган өлкө эпидемиологиялык абал жакшыргандыктан, 16-майдан тарта чек араларын ачты.
Эми кыргызстандыктар унаа менен Россия аймагына кире алат. Эске салсак, пандемия башталгандан бери Россияга бир гана учак менен барууга мүмкүн болчу.