Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар үчүн 17,4 миллион сом чогулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 18-сентябрь, саат 12ге карай 17 млн. 426 626 сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, бул бирдиктүү атайын эсеп Баткен облусунун элине колдоо көрсөтүү жана абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү өлкөнүн бардык аймактарында уланып жатат.

Кыргызстан боюнча жалпы 162 жардам чогултуу түйүнү уюштурулган. Анын ичинде Ош облусунда 44, Ысык-Көл облусунда 69, Таласта 17, Чүйдө 12, Жалал-Абадда 12, Нарында 6, Ош жана Бишкек шаарларында бирден.

Бишкекте Спорт сарайында гуманитардык жардам чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн.

Казакстандык журналист Назгүл Жарбулова кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жабыркаган кыргызстандыктар үчүн мекендештеринен 1 миллион 650 миң теңге (2100 доллар чамалуу) чогултуп, берип жиберген.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан акыркы маалыматка караганда, 16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 36 адам мерт болду, 129 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. «Озоди» тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, 14-16-сентябрдагы жаңжалда өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады.

Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.