Кыргызстан жана Казакстан туристтер үчүн жашыл коридор ачууну пландап жатат

Кыргызстан жана Казакстан туристтер үчүн жашыл коридор ачууну пландап жатат.

 

Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча директору Кайрат Итибаев билдирди. Анын айтымында, мындай коридорлор туристтердин чек ара аркылуу өтүү процессин жеңилдетип, узун кезектерди кыскартууга шарт түзөт. Итибаев белгилегендей, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

 

Демилге Өзбекстан менен чек арада дагы көтөрүлдү.