Кыргызстанда 1 миң 66 мектеп кадимки режимде иштеп жатат

Кыргызстанда 1 миң 66 мектеп кадимки режимде иштеп жатат. 545 орто окуу жайы – азырынча аралыктан билим берүүдө, — деди Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев.

 

Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык абалга жарада мектептер аймактарда ачылып жатат. Окуучуларды салттуу режимге кайтаруу боюнча чечимди жергиликтүү органдар чыгарууда.

 

Ал эми эпидемиологиялык абал курч бойдон калган аймактар, мисалы, Бишкек, Ош, Араванда мектептерди ачпай туруу чечими кабыл алынды.