Жайкы Олимпиада оюндарына лицензияга ээ болгон спортчулар учурда кызуу даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу кененирээк Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.
“Лицензия алган спортчуларга биз бардык шарттарды түзүп берип атабыз. Алар көбүнчө окуу-машыгуу жыйындарында жүрүшөт. Андан тышкары, өздөрүнүн даярдыктарын дагы өткөрүп, эл аралык мелдештерге катышып жүрүшөт. Калган спортчуларга шарттар түзүлүп, алар окуу-машыгууларын өткөрүп жатышат ”
Белгилеп кетсек, учурга карата Кыргызстан капчыгында Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына 12 лицензия бар.