Футбол боюнча Кыргызстан Кубогу мелдешинин финалы 22-октябрда өтөт.
Футбол союзунан билдиришкендей, жыйынтыктоочу оюнда “Абдыш-Ата” жана “Алай”
командалары беттешет. Оюн Кант шаарында өтөт. Эске салсак, былтыр
Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командасы чемпион аталган.
Ал “Дордой” клубун 1:0 эсебинде жеңип алган.