Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мыкты мушкер айымдардын
рейтингинде 2-сапта. Бул салмак категориясынан тышкары UFC уюмунун жаңы түзгөн рейтинги.
Бул тизмеде бразилиялык Аманда Нунес биринчи орунда жайгашты.
Шевченко менен Нунес эки жолу беттешке чыгып, анда бразилиялык мушкер жеңишке жеткен.