Жалал-Абад облусундагы массалык түрдө жолдорду оңдоо иштерин 10-сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда

Жалал-Абад облусундагы массалык түрдө жолдорду оңдоо иштерин 10-сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда жумуштар 70 пайызга аяктады.

Ушул жылы аймактын жалпысынан 35 чакырым жарактан чыккан тилкелерине асфальт төшөө каралган.

Ага мамлекеттик бюджеттен 133 миллион 300 миң сом бөлүнгөн. Иштер, Сузак, Чаткал, Токтогул,

Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунда жана Кочкор-Ата, Майлуу-Суу,

Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай жана Жалал-Абад шаарларында жүрүп жатат.