Жалал-Абад облусунун Аксы районунда быйылкы окуу жылында жаңы мектеп ачылат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда быйылкы окуу жылында жаңы мектеп ачылат.

Бүгүнкү күндө билим берүү мекемесинин курулушу 82 пайызга даяр, — деп билдиришти

Мамлекеттик курулуш агенттигинен. мектеп 225 окуучуга ылайык. Анда окуу корпусу,

галерея, ашкана, спорттук жана акты залдары, атайын жабдууланган химия, физика,

информатика класстары каралды. Учурда ички жасалгалоо жана электромонтаждоо

иштери аяктоодо. Долбоордун сметалык наркы 870 миң доллардан ашык.

Каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берди.