16 жашка толгон мектеп бүтүрүүчүлөрү паспорту жок болсо, жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбейт

16 жашка толгон мектеп бүтүрүүчүлөрү паспорту жок болсо, жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбейт. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

 

Эгер окуучу 16 жашка толо элек болсо, анда мектептен маалымкат алып, ага сүрөт чапталып, мектептин мөөрү басылышы керек. Эске салсак, Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө   17-майдан 23-майга чейин өтөт.

 

Ал эми тестирлөөгө онлайн каттоо 9-апрелге чейин уланат.