Баткен облусундагы чыр-чатакта жабыр тарткан 310 жарандын документтери
калыбына келтирилди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кайра жасалган ID-паспорт, жалпы жарандык паспорт,
туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүктөр, ошондой эле транспорт каражаттарынын
техпаспорттору ээлерине тапшырылды. Калкка жардам берүүчү аймактык
калкты тейлөө борбору Баткенде бүгүнкү күндө дагы иштеп жатат.