Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы мектеп курулат.
Билим берүү мекемеси Кара-Жыгач айылында пайда болот. Бул тууралуу
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматы боюнча,
объекттин сметалык баасы 72 миллион сомду түзөт. Учурда курулуш-монтаждоо
иштерине подрядчыны тандоо боюнча сынак өтүп жатат.
Курулуш иштерин 2022-жылы аяктоо пландалууда.