Бишкектеги №75 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча корпусунун куруу уланууда

Бишкектеги №75 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча корпусунун куруу уланууда.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, объекти 375 окуучуга эсептелет.

Бүгүнкү күндө, жумуштардын жарымынан көбү аткарылды жана ички жасалгалоо, эшик, терезелерди орнотуу,

электромонтаждоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун сметалык баасы 1 миллион долларды түзөт.

Каражат Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен берилет.

Жаңы мектеп быйылкы жаңы окуу жылына карата ачылат.