Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 49 социалдык объект курулуп, оңдолду.
Имараттардын 39у башынан курулса, 10у капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Жаңы мекемелер өлкө боюнча аймактарга туура келет. Алар 23 мектеп, 7 бала бакча,
8 медициналык жана башка 11 объект. Каржылоо ар багыттан болду. 43 имаратка
республикалык бюджеттен берилсе, 6 объект Сауд өнүктүрүү фондунан жана
“Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” коомдук фондунан каржыланды.