Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы сугат суу маселеси чечилди.
Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин
үч жылдан бери Кемпир-Абад суусунан Кара-Дарыя каналы аркылуу суу берүү токтоп турган.
Эки өлкө өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, бүгүн суу берүү башталды. Учурда
Кара-Дарыя каналынан Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы эгин
талааларына секундасына 50 кубметр суу агып жатат.