Мамлекеттик ипотекалык компания “Менин үйүм” жаңы турак-жай программасын иштеп чыкты

Мамлекеттик ипотекалык компания “Менин үйүм” жаңы турак-жай программасын иштеп чыкты. Ал 2021-26-жылдарга эсептелген.

 

Программа жылдык пайыздык ченди төрткө чейин төмөндөтүүгө, баалуу кагаздарды чыгаруу жана аларды сатуу менен каражат тартууга жана инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык донорлор менен иштөөгө багытталган.

 

Жаңы программаны ишке ашырууга         5-6 жыл аралыгында 30 миллиард сом бөлүнөт. Анын алкагында турак-жайларды курууда басым Бишкек жана Ошко эмес, аймактарга жасалат.