Кыргызстанда бүгүн иш күнү бир саатка кыска болот. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен эске салышкандай, эртең – 23-февраль, Ата Мекенди коргоочулар күнү.
Бул күн кызыл даталарга кирет, андыктан, эмгек кодексине ылайык, майрамдын алдындагы иш күнү 1 сааттка кыска болушу керек. Эртең расмий түрдө эс алуу, кыргызстандыктар жумушка кайра шаршемби, 24-февралга чыгат.