Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө.
Бул тууралуу бизге калаа башчысы Эрнис Ормоков билдирди.
Эске салсак, 17-мартта тынбай жааган жамгырдан улам Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Живпром участогунда жайгашкан дамбаны жеп кетүү коркунучу пайда болгон.
Натыйжада дээрлик 600гө жакын үйгө жана 11 мекеме-ишканага кооптуу абал жаралган.
Буга байланыштуу шаарга өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча мэрдин буйругу чыккан.