Аламүдүн районунда эркек мотоциклди эвакуатордон уурдап качып кетти

Аламүдүн районунда эркек мотоциклди эвакуатордон уурдап качып кетти.

Бул тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Белгилеп кетсек, 25-июлда

милициянын кайгуул кызматкерлери Алма-Ата көчөсүндө турган ээси жок

мотоцилди эвакуациялашкан. Эвакуатор жүрүп бара жатканда белгисиз жаран

байланган мотоциклди чечип, айдап качты. Учурда аталган видео “60 секундда уурдап качуу”

деген аталыш менен соцтармак колдонуучулары арасында популярдуу болууда.

Белгилүү болгондой, ууру дагы деле кармала элек.