Антимонополия күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоодо өзгөрүүлөр болгонун билдирди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоодо маанилүү өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

 

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө рыноктун туруктуулугуна таасир этүүчү негизги маселелер чечилди. Анын алкагында индикативдик баланстын жогорулашынын эсебинен Кыргызстанга күйүүчү май пошлинасыз берилет. Бул күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташын ооздуктоого жардам берет.

 

Мындан тышкары, коңшу мамлекеттер менен мунай продуктуларын темир жол аркылуу үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.