Кыргызстанда орточо айлык акыга 267 литр бензин сатып алса болот

Кыргызстанда орточо айлык акыга 267 литр бензин сатып алса болот.

Бул тууралуу Picodi сервисинин аналитиктери дүйнөдөгү бензиндин баасын изилдөөдө эсептеп чыгышты.

Алардын маалыматына ылайык, өлкөдө жыл башынан бери бензиндин орточо баасы көтөрүлүп, литри 66 сомго жеткен.

Муну менен азыркы тапта бир айлык маянага былтыркыдан 88 литрге аз күйүүчү май сатып алса болот.

Ошол эле учурда Россияда орточо айлыкка 1 миң 11 литр, Казакстанда 1 миң 102 литр, Өзбекстанда 290 литр күйүүчү май сатып алууга мүмкүн.