Жалал-Абадда санитардык эрежелер боюнча көзөмөл күчөтүлдү

Жалал-Абадда санитардык эрежелер боюнча көзөмөл күчөтүлдү. Мэриядан билдиришкендей, шаарда милдеттүү түрдө бет кап режими киргизилди.

 

Бүгүн муниципалитеттин кызматкерлери, дарыгерлер жана милициядан турган жумушчу топ ишканаларды, банктарды, соода жайларын жана ресторандарды кыдырып, тушүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул жерлерде  бет кап режими сакталып, антисептиктер болушу шарт.