Ысык-Көл облусунун штабы аймакка киргендерден COVID-19га анализдин
жыйынтыгын талап кылуу чечимин кайра карайт. Саламаттыкты сактоо
министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, мындай чара
коронавируска каршы күрөшүүдө алгоритмге туура келбейт. Буга чейин
Ысык-Көл облусунун башкармалыгы аймакка киргендерге чектөө киргизген.
Облус аймагына кирген адамдар коронавируска кабылбаганы тууралуу
маалым катты көрсөтүүшү керек болчу. Мындан кийин келгендер
14 күн бою үй режиминдеги карантинге алынмак.