Президенттин айрым аймактарда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу жарлыгын парламент бекитти

Президенттин айрым аймактарда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу жарлыгын парламент бекитти. Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген.

 

25-марттан тартып, оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилди.